Жаңылыктар
УКМК ЖК депутатынын жардамчысы кармалышы боюнча үн катты
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК ЖК депутатынын жардамчысы кармалышы боюнча үн катты

УКМК Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалганын билдирди.

“Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Р.А.Р. 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөнү аныкталган. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда.

Мындан тышкары, кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардын ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган.

Жогорудагы кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Р.А.Р. тарабынан жасалган мыйзамсыз иштердин бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө,” – деп айтылат бүгүн УКМК тараткан билдирүүдө.

Кечээ, 12-сентябрда маалымат каражаттары ЖК депутаты Молдобекованын иш бөлмөсү тинтүүгө алынып, жардамчысы кармалып кеткенин жазып чыгышкан. Кийинчерээк депутат Молдобекова өзү Өзбекстанда иш сапарда экенин, тинтүү жардамчысына байланыштуу болгонун жана ал документ жасоого байланыштуу кармалышы ыктымалдыгын билдирген.