Жаңылыктар
Нарында көмүрдүн сатыктагы баасы бычылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында көмүрдүн сатыктагы баасы бычылды

Нарын облусунда сатыла турган көмүргө 15-сентябрдан баштап мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Мындай буйрук көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Экономика жана коммерция министрлиги тарбынан чыгарылды. Буйрукка ылайык Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан  Нарын облусунун аймагында сатыла турган кара алтындын максималдуу баалары коюлду.

Аталган кызматтын Нарын облустук бөлүмүнүн башчысы Ниязбек Мойдиновдун айтуусунда,  Нарын шаарында бир тонна көмүр 5800, Нарын районунда  5900, Ат-Башы районунда 6200, Жумгал районунда 3900, Кочкор өрөөнүндө  4900, Ак-Талаа районуна Долон ашуусу аркылуу тартылса 6500 сомдон сатуу боюнча баа бекиди. Эгер бул баадан ашык сатыла турган болсо Бузуулар кодексине ылайык административдик чаралар көрүлөт.

- Мамлекеттик жөнгө салуу 90 күнгө  киргизилип, 15-декабрга чейин күчүндө болот. Коюлган баалар  көмүрдүн кенден чыккан,  аны ташып келүү, жер-жерге жеткирип сатууга кеткен бардык чыгымдары менен кошуп эсептелди. Көмүрдүн Кара-Кече кенинен чыккан баасы тоннасына 2260, ал эми Турук кенинде 1670 сом болду. Турук кени негизинен Ак-Талаа районун көмүр менен камсыздагандыктан, тоннасын  4500 сомдон ашырбоо сүйлөшүлдү. Жогоруда коюлган баалар райондордогу бардык айылдарга тиешелүү. Анкени айылдардын алыс-жакыны эске алынып эсептелип чыкты, - деди Ниязбек Мойдинов

Буйрук бардык райондук  мамлекетиик администрацияларга, көмүр өндүрүүчү ишканаларга жөнөтүлөт жана сатылып жаткан көмүр бааларына жергиликтүү органдар көзөмөл кылат.

Нарын облусу боюнча быйылкы күз-кыш мезгилине 131 миң 86 тонна көмүр керектелет. Анын ичинен элдин керектөөсү 95 миң тонна. Азыркы тапка  жалпы 15 миң 509 тонна көмүр тартылды. Көмүр ишканалары тарабынан  жыл башынан бери 866 миң тонна көмүр өндүрүлдү.