Жаңылыктар
Саясатчы Азимбек Бекназаров кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Саясатчы Азимбек Бекназаров кармалды

УКМК кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров кармалганын маалымдады.

Атайын кызмат 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү А.Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камакка алынган ири суммадагы акчаны алууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Ал Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алып, аларды жалган адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштырган.

Буга байланыштуу 12-сентябрда Азимбек Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун (Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо) негизинде кармалып,УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.