Жаңылыктар
Инвесторлордон 200 мин доллар опузалаган тергөөчү, журналист жана аким кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Инвесторлордон 200 мин доллар опузалаган тергөөчү, журналист жана аким кармалды

Чет элдик инвесторлордун ишине тоскоолдук жаратып, акча опузалаган ИИМдин мурдагы тергөөчүсү, Чаткал районунун акими жана “Азаттыктын” мурдагы журналисти кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандар Чаткал районундагы тоо-кен иштерине тартылган инвесторлордон 200 миң доллар акча талап кылышкан. Алар июль айында акчанын 60 мин долларын алып, калган сумманы алуу үчүн коркутууну улантып келишкен.

УКМК шектүүлөрдү ИИМдин мурдагы тергөөчүсү 10 миң доллар акчаны алып жатканда колго түшүрдү

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери журүп жатат.