Жаңылыктар
Ноокат автобекети мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокат автобекети мамлекетке өттү

Ноокат шаарындагы Кулатов көчөсүндө жайгашкан «Ноокат автобекети» мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, имарат жайгашкан жердин аянты 0,52 гектарды, баасы 350 миллион сомду түзөт. Аталган мекеме жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

Аталган объектти сатуунун негизги максаты Ноокат районунун калкын автовокзал катары тейлөөнү камсыз кылуу, тиешелүү шарттарды түзүү, анын ичинде аймакты асфальттоо, айдоочулар үчүн кафе жана бөлмөлөрдү куруу жана оңдоо, жашылдандыруу болгон. Бирок, ушул убакка чейин келишимде көрсөтүлгөн пункттардын бири да аткарылган эмес жана коммерциялык максатта колдонулган.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында автобекеттин азыркы ээлери мыйзамсыз менчиктештирип алганын моюндашып, жер тилкени ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришти.