Жаңылыктар
УТРК эркин телеканалдар менен кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК эркин телеканалдар менен кызматташат

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы мындан ары көз карандысыз “7-канал” жана “Регион ТВ” телеканалдары менен тыгыз кызматташа турган болду. Бул үчүн 13-сентябрда УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев менен “7-каналдын” жетекчиси Илязбек Балташев жана “Регион ТВнын” башчысы Өткүрбек Рахманов үч медиа мекеменин ортосундагы биргелешкен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Анда өлкөдөгү жалпы маалымат саясатын жүргүзүүдө жана коомдук-маданий иш чараларды чагылдырууда, контент алмашууда жана башка багыттарда биргеликте иш алып баруу белгиленген.

Улуттук телерадиоберүү корпрорациясы азыр Кыргызстандагы бирден-бир ири медиа мекеме, техникалык ресурсу жана башка мүмкүнчүлүктөрү да кеңири. Андыктан башка ТВ каналдар УТРК менен тыгыз кызматташууга кызыкдар. Аталган эки канал өлкөдөгү ири коомдук-маданий, спорттук иш-чараларды түз эфирде чагылдырууда буга чейин деле УТРК менен кызматташып келсе, эми бул мамиле меморандум менен бекемделип, жаңы баскычта улана турган болду.УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев келишимге кол коюу учурунда өлкөдөгү маалымат саясатын жүргүзүүдө мындай биргелешкен кызматташтыктын натыйжасы жакшы болоруна жана коомго керектүү мыкты программалар даярдаларына үмүт артарын билдирди.

Соңку мезгилде УТРКнын техникалык мүмкүнчүлүгү да жакшырып, радио жана телестудиялар четинен жаңыртылууда. Ага кошо телекөрүүчүлөргө сапаттуу жана мазмундуу программалар сунушталып жатат.Келишимге кол коюлган соң аталган эки каналдын жетекчиси УТРКнын радио жана телестудияларын кыдырып, жакындан таанышып чыгышты. Алар да бай тарыхы бар, тажрыйбасы мол жана техникалык жактан мүмкүнчүлүгү зор Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен кызматташууга куштарлыгын жана алдыда биргелешип ишке ашыра турган идеялар жана иштер арбын экенин билдиришти.

УТРК бул эки көз карандысыз телеканал менен кошо башка медиа уюмдар, продакшн студиялар менен да контент алмашуу, документалдык тасмаларды даярдоо, материалдарды социалдык тармактар аркылуу жайылтуу багытында да кызматташууга даяр жана дилгир.