Жаңылыктар
Кыргызстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча 2-орунду ээледи
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча 2-орунду ээледи

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 65 медаль утту. Анын 19у алтын, 21и күмүш, 25и коло.

Оюндарда 1-орунга Казакстан чыкты. Аларда 112 медаль бар: 43 алтын, 32 күмүш, 37 коло.

Үчүнчү орунда Россия - 49 медаль, төртүнчүдө Өзбекстан - 34 медаль, бешинчи орунга 6 медаль менен Түркия жайгашты.

Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрда өттү.