Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев: Элге пайдасы тийбесе алтын кендери казылбасын
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев: Элге пайдасы тийбесе алтын кендери казылбасын

Алтын кендерин казууга берилген 23 лицензия мамлекетке кайтырылды. 

Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Сокулук районунундагы борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушуна капсула салуу аземине катышып жатып билдирди. 

Ал коррупциялык багыттагы жүрүп жаткан иштер жана пайдалуу кендерди казууга уруксат берген лицензиялар туурасында сөз козгоду. Камчыбек Ташиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жалпы эмгек жамааты, аймактардагы бөлүмдөрү менен чоң жыйын өткөрүп, коррупциялык элементтерди болтурбоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн айтты. Бир нече лицензиялар артка кайтарылганын кошумчалады.