Жаңылыктар
Нарынга 6 троллейбус алынып келинди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарынга 6 троллейбус алынып келинди

Теңиртоонун борборунда коомдук транспорт көйгөйүн чечүү колго алынып, Бишкектен дагы 6 троллейбус алынып келинди.

Нарын шаарында коомдук транспортту жөнгө салуу жана калаа тургундары менен конокторуна ыңгайлуу шарт түзүү максатындагы жергиликтүү бийликтин мындай аракети Бишкек шаардык мэриясы менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.

Троллейбустар толук алынып келинип Нарын шаардык транспорт ишканасынын короосуна түшүрүлдү. Эми жакынкы күндөрү каттамга чыгат.

СССР тарагандан кийин Нарын жүргүнчүлөр автобазасы жоюлуп, шаарда коомдук транспорт көйгөйү жаралган. Ошондон улам бир көчөсү бар кичинекей, жетүүгө кыйын болгон Нарын шаарында ат араба жүрө баштаганда троллейбус линиясын куруу зарылчылыгы келип чыгып, 1994-жылы троллейбус паркы курулуп, линия тартылган. Линиянын узундугу 14,5 чакырымды түзөт. Буга чейин аталган паркта 7 троллейбус болсо анын 5и оң абалда.

Маалымат үчүн белгилесек, буга чейин коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн камысздоо үчүн жаңы 5 электробус алынып келинип каттамга чыккан болчу. Бул коомдук унаалар 66 миллион сомго үч кубаттагыч аппараты менен 7 жылга насыяга сатылып алынган