Жаңылыктар
Нарында 1104 гектар аянт тазаланып, 202 тонна таштанды чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 1104 гектар аянт тазаланып,  202 тонна таштанды чыгарылды

Тазалык акциясынын алкагында өткөн ишембиликке Нарын облусунан 9 миңдей адам катышып, 202 тонна таштанды чыгарылды.

Улуттук тазалык күнүнө катышкандар жалпы 1104 гектар аянтты таштандылардан арылтып, айлана-чөйрөнү ирээтке келтиришти. Алсак, облустун аймагындагы бардык коомдук жана туристтик жайлар, эс алуу бакчалары, балдар аянттары, парктар, облустук, мамлекеттик маанидеги жолдордун жээктери акыр-чикирден арылтылып, таштандылар төгүлдү.

Ишембиликке менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишкана, айыл өкмөт кызматкерлери активдүү катышты.

Жалпы элдик ишемилик КР Презиидентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өттү.