Жаңылыктар
Ош шаарында жалпы ишембилик болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында жалпы ишембилик болуп өттү

Ош шаарында улуттук тазалык күнүнө карата жалпы ишембилик болуп өттү. Тазалык акциясына шаардагы бардык муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары катышып, шаар аймагындагы өздөрүнө бекитилген аймактарды тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

Белгилей кетсек, ишембиликке жалпы 8 миңге жакын адам катышып, 368 гектар жер аянты тазаланып, 976 тонна таштанды чыгарылды.