Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда ишембилик өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда ишембилик өттү

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Ысык-Көл облусундагы бардык район, шаарларда ишембилик өттү. 

Облустун борбору Каракол шаарында жалпы үч миңден ашуун мекеме, ишкана кызматкерлери ишембиликке катышты. Ысык- Көлдүн жээгине жакын айыл аймактарда дагы "Таза Ысык- Көл үчүн" ураанынын алкагында тазалоо иштери жүрдү. 

Облустун бардык 5 район, 3 шаарында тазалык жапырт уюшкандык менен жүргүзүлдү.