Жаңылыктар
Чүйдө наркы 120 млн. сомго жакын ишкана мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө наркы 120 млн. сомго жакын ишкана мамлекетке өттү

Чүй облусунун Кемин районунун аймагында базар баасы 119 млн. 937 миң сомду түзгөн ишкана мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ишкана мурда касапкана жана колбаса чыгаруучу жай экени аныкталды.

Аталган объектини 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келишкен.

Учурда УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.