Жаңылыктар
Өзбекстанга мыйзамсыз өткөрүлгөнү жаткан 34 жылкы кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстанга мыйзамсыз өткөрүлгөнү жаткан 34 жылкы кайтарылды

   

УКМКнын мамлекеттик чек араны коргоо жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ыкчам иш чараларынын натыйжасында, Ош областынын Өзгөн районунун Көк-Таш тилкесинде 24 жылкыны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан учурунда Кыргыз Республикасынын жараны Б.Т.Ж. кармалды.

Кармалган жаран Өзбекстандын жараны «Хабибилло» менен алдын ала макулдашып, Өзгөн шаарындагы мал базардан 24 баш жылкы сатып алып, андан 80 миң өлчөмүндө акча каражатын сый акы катары алган, жана мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик курулуштар жок Өзгөн районунун Көк-Таш айылынын аймагында жылкыларды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул сыяктуу эле, Аксы районунун Кара-Төбө айылында 10 жылкыны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылган 1999-жылы туулган «К.у.Б» аттуу кыргыз жараны кармалган.

        КР мыйзамына ылайык, кармалган 34 баш жылкы мамлекетке конфискацияланууга тийиш. Бул жылкылар мамлекеттик чек араны коргоодо пайдалануу үчүн УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын балансына өткөрүлөт.