Жаңылыктар
Өлкөдө 8 миңден ашык бош жумуш орун бар
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө 8 миңден ашык бош жумуш орун бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата 8009 бош орундар бар экендигин билдирди.

Бош жумуш орундары:

- Мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 325;

- Саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 581;

- Кассирлер – 151;

- Соода агенттери – 63;

- Менеджерлер - 59

- Бухгалтерлер – 46;

- Юристтер – 25;

- Экономисттер – 7;

- Инженер-строитель – 48;

- Психологдор –18;

- Тигүүчүлөр – 2276;

- Курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 814;

- Айдоочулар – 463;

- Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 789;

- Ар тараптуу жумушчулар – 2344.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча орточо айлык өнөр жай тармагында – 52 866 сом, курулуш – 34 554 сом, соода сатык – 37 601 сом, унаа тармагында – 46 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 679 сом, финансы тармагы – 62 298 сом, билим берүү тармагы – 25 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагы – 21 368 сом түзөт.