Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, быйыл республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 467,8 миң га же 78,2 % аянтта жүргүзүлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 86,8 миң га көп.
Буудай 228,4 миң га аянтта (94,9%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 46,5 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 29,2 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,7 ц/га жогору. Айрыкча, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 30,0-33 ц/га түзүүдө. Дүң жыйым 667,8 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга караганда 239,7 миң тоннага көп.
Арпа 222,2 миң га аянтта (88,6%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 38,5 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 25,8 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 ц/га жогору. Дүң жыйым 574,0 миң тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 162,2 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29,1 ц/га жетүүдө.
Жүгөрү (дандык) жалпы 17,3 миң га аянтта (16,1%) жыйналды. Түшүмдүүлүк 76,3 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 ц/га көп. Дүң жыйым 131,6 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 20,9 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 85,6 ц/га.
Картошканын 23,7 миң га (35,7 %) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 170,5 ц/га болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,7 ц/га жогору. Дүң жыйым 404,1 миң тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 50,4 миң тоннага көп болду. Ысык-Көл жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 182-184 ц/га түзүүдө.
Жашылчанын дүң жыйымы 698,5 миң тонна болуп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 141,9 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 264,0 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 55,0 миң тоннага жогору болду. Мөмө-жемиштер боюнча 43,2 миң тонна жыйналып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,1 миң тоннага көп.
Белгилей кетсек, азыркы учурда республика боюнча май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жүрүп жатат.