Жаңылыктар
Мигранттарды Орусияга иштөөнү мыйзамсыз уюштурган чет өлкөлүк жаран аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттарды Орусияга иштөөнү мыйзамсыз уюштурган чет өлкөлүк жаран аныкталды

Кыргызстандын жарандарын Орусияга ишке орноштурууда мыйзамсыз иш-аракеттерге барган чет өлкөлүк жаран аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, чет өлкөлүк жаран тиешелүү уруксатсыз жана мыйзамдуу негиздери жок туруп, Орусиянын аймагында ар кандай курулуш объектилеринде жарандарды ишке орноштурууну убада кылып, жалдоо иштерин жүргүзүп келгени аныкталды.

Мыйзамсыз ишке тартуунун уюштуруучусу социалдык тармактар жана башка бейрасмий каналдар аркылуу жарандарды өзүнө тартып, мыйзамдуу жол-жоболорду сактабастан “тез” ишке орноштурууну сунуштап, жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун тобокелге салган.

Учурда жумушка кабыл алууну уюштуруучуга карата КР тышкы эмгек миграциясы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, иш менен камсыз кылууга турган кезекте жарандарга консультациялык-укуктук жардамдар көрсөтүлдү.

Министрлик жарандарды чет өлкөдө жумушка орношуудан мурун, агенттиктин уруксаттарын текшерүүнү сунуштайт. Мыйзамдуу агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн жарандар КР ЭСКММ караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборуна кайрылса болот же migrant.kg сайтынан текшерсе болот.