Жаңылыктар
Балдарын кароосуз таштап кеткен ата-энелерге айып салуу сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарын кароосуз таштап кеткен ата-энелерге айып салуу сунушталууда

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги балдарын камкорсуз калтырган ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштоодо. Аталган министрлик ушул айда талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда баласын 15 суткадан ашык камкорсуз калтырган ата-энеге 15 миң сом айып салуу каралган. Эгер ата-эне миграцияга кете турган болсо, балдарын калтырып кетип жаткан жакынына балдарына тарбия берүүгө жана көзөмөл кылууга нотариус аркылуу үч жылдык ишеним кат таштап кетсе мыйзамдуу болот.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи кварталында үймө-үй кыдырып текшерүүнүн натыйжасында сырткы миграцияга кеткен 84 миңден ашуун ата-эне балдарын жакын туугандарына таштап кеткени аныкталган. Анын ичинен 42 миң 648 бала формалдуу камкордуксуз туугандарынын колунда экени аныкталган.