Ош шаарындагы Амир-Тимур (мурдагы Калинин) көчөсүн толук капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары башталды.
Маалыматка караганда, шаар башчысы Бакытбек Жетигенов иштин жүрүшү менен жеринде таанышып, иштерди белгиленген иш мерчеми боюнча жүргүзүүнү, мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Анын алкагында тротуарларды, аялдамаларды куруу, ирригациялык, коммуналдык тармактарды орнотуу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, аталган жолду Кытай Эл Республикасынын "Чайна Роад" ишканасы оңдоп-түзөйт.