Бүгүн, 17-сентябрында Нарын шаары 156 жашка толду. Бул күндүн урматына жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык Кеңешинин уюшулгандыгынын 20 жылдыгына карата “Нукура” фестивалы өтөт.
Майрамдык салтанат калаадагы “Ала-Тоо” стадионунда белгиленип, улуттук тамак-аштардын, буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, каада-салттар көргөзүлөт. Фестивалды өнөр адамдарынын театралдаштырылган оюн-зооктору коштоп, концерттик программа тартууланат.
Ошондой эле аллеялар, балдар ойноочу аянттар колдонууга берилет жана инвесторлор тарабынан салына турган көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынат.
Нарын шаары - Нарын облусунун борбору. Шаар 1868-жылы негизделген. Учурда Нарын калаасында 42 миң 364 калк жашайт. Теңир-Тоонун койнундагы Нарын шаарынын жалпы аянты - 5 040 гектарды түзүп, деңиз деңгээлинен 2040 метр бийиктикте орун алган. Бишкек шаарынан 310 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чок ортосунан Нарын дарыясы агып өтөт.