Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Бүгүн кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда. 

Бул Кытайда “Күздүн ортосу майрамын” белгиленип жатканына байланыштуу. Ошондо “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары 17-сентябрда убактылуу жабылат. Аталган көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү эртең, 18-сентябрдан тарта жанданары кошумчаланды.