Жаңылыктар
Баасы 130 млн. сомду түзгөн бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен
Кыргызстан жаңылыктары
Баасы 130 млн. сомду түзгөн бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен

УКМКнын бүгүн, 17-сентябрдагы берген маалыматына ылайык, 2004-жылы «КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор Союзу» тарабынан менчиктештирилип кеткен Токмок шаарынын 3-кичи районундагы №18 дарегинде жайгашкан бала бакча мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

Тактап айтканда, аянты 1140 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имаратынын бир бөлүгү жана ага жанаша жайгашкан аянты 4235 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды.

Аталган бала бакчаны менчиктештирген жаран "КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор Союзунун" башкы катчысы, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти А.З.А. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө бала бакчанын ээси социалдык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алган. Ал наркы 130 млн сомду түзгөн, аянты 5375 чарчы метр жер тилкесин административдик курулушу менен кошо өз ыктыяры менен Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.