Чүйдүн Москва районуна караштуу Беш-Көрүк-Мааке айылынын тургуну Сардар Багишбековдун чарбасында учурда 100 баш Арашан багытындагы койлор бар. Ал 2017-жылдан бери асыл тукум Арашан багытындагы койлорду бага баштаган. UTRK.kg сайтынын кабарчысы Бурулсун Айдарбекова Сардар Багишбековдун чарбасы менен таанышып келди.Арашан асыл тукум койлору Тажикстандан алынып келинген Гиссар койлору менен кыргыз койлорунан аргындашылып чыгарылган порода. Учурда бул породадагы койлор салмагы боюнча дүйнөдө рекорд коюуда.
“2017-2018-жылдары Казакстандагы Гиссар койлорунун көргөзмөлөрүнө барсам, тажик аксакалдар “силердин койлоруңар Гиссарга окшобойт” деп каршы чыгышкан. Себеби, Кыргызстандан барган койлор көргөзмөлөрдүн баарын утуп кетчү. Азыркы күнгө чейин утуп жүрүшөт. Казактар менен тажиктердин койлору Кыргызстандан чыккан койлордун салмагына жетпей калчу. Генетика кошулдубу же биздин климат таасир бердиби, айтор Гиссар койлор кыргыз койлору менен аргындашкан соң өтө чоң кой болуп кетти. Бүгүнкү күндө Арашан багытындагы койлор салмагы боюнча дүйнө жүзүндө эң чоң кой деп эсептелет. Мисалы, Гиссар кочкордун эң чоң салмагы 187 кг. болсо, Арашан койдун салмагы 220 кг. дан ашып кетти. Эң кымбат Арашан кочкор Кыргызстанда 150 миң долларга сатылган. Жакында эле Чүйдө дагы бир Арашан кой 115 миң долларга бааланды”,- дейт Сардар Багишбеков.
Учурда каарманыбыздын чарбасында 100 баш Арашан кой жана 5 кочкор бар. Ал чарбасын 80 баш Арашан кой менен баштаганын билдирди.
“Арашан багытындагы койлорду жаңы бага баштаганда 80 баш кой менен баштаганбыз. Андан бери сатылып, алынып отуруп азыркы тапта жалпы 100дөй баш Арашан кой, токту жана 5 кочкор бар. Ар кандай генатиптерди тандап кошобуз. Мисалы, башты чоңойтуш үчүн чоң баш кочкор, узундугун узартыш үчүн узун кочкор тандап алабыз. Арашан баккан короолор бири-бирибизди тааныйбыз. Ошолор менен алыш-бериш кылып, соодалашып, кочкорлорду алмашабыз. Ошентип Арашан багытындагы койлорго кызыккандар жылдан-жылга көбөйүп жатат. Кээ бирлери бизнес кылышат. Бирок менин негизги максатым – өлкөдөгү Арашан сыяктуу жаңы пародадагы койлорду алдыга жылдырып, эл аралык деңгээлге чейин таанытуу”.
Каарманыбыздын айтымында, Арашан багытындагы койдун баасы эң кымбат болууда. Анын короосундагы койлордун баасы 300 миң сомго чейин бааланат.
“Бүгүнкү күндө Арашан коюнун баасы өтө кымбат болуп жатат. Биздин короодогу койлордун баасы 300 миң сомго чейин бааланат. Ал эми эң кымбат кочкорду Таластан 1 млн. 200 миң сомго сатып алганбыз. 500 миң, 300 миң сомго алган да кочкорлорубуз бар. Көбүнчө көргөзмөлөргө салмагы, бою жана сулуулугу боюнча тандалат. Эң негизгиси салмагы каралат,”- деп кошумчалады Сардар Багишбеков.
Арашан багытындагы асыл тукум койлор 2021-жылы өкмөт аркылуу министрликтен каттоодон өткөн. 2023-жылы эл аралык кыргыз патентин алган.