«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын вагон чарба филиалы 8 ай ичинде 371 вагонду оңдоп-түзөөдөн өткөрдү.
Мекеме берген маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн 371 вагондун ичинен 341и жүк, ал эми 30у жүргүнчү ташуучу вагон.
Мындан тышкары, күнүмдүк оңдоп-түзөөдөн 286 вагон өткөрүлдү.
Оңдоп-түзөө иштеринде вагондордун техникалык мүнөздөмөлөрү калыбына келтирилип, кемчиликтер четтетилип, алардын иштөө мөөнөтүн узартууга жана ташуу коопсуздугун жогорулатууга багытталган иштер аткарылды.