Жаңылыктар
Нарын шаарында “Жоокерлер аллеясы" ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарында “Жоокерлер аллеясы" ачылды

Бүгүн, 17-сентябрда  Нарын шаарынын Жаңы-Жол чөлкөмүндө “Жоокерлер аллеясы” ачылып, колдонууга берилди. Бул аллея үчүн Нарын шаардык мэриясы 1 гектар жер бөлүп, тегерек-четин коруп, ичине карагайдын көчөттөрүн отургузушкан.

Ал эми аллеянын ички жасалгасын Баткен коогалаңынын ардагери Руслан Мамбетов ишке ашырган. Ал өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоодо чек арада курман болгон жоокерлердин эрдиги үчүн аллея уюштуруу кыялын Нарын шаарынын туулган күнүндө ишке ашырды. Алсак, 221 миң сомго аллея ичине тротуар төшөп, орундуктарды, таштанды челектерин,   орнотуп, эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Ошондой эле Баткен коогалаңында жана кыргыз тажик чек арасында окко учкан жоокерлердин сүрөттөрүн илген.

Максаты – Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн  сактап калууда  жаш муундарды аскердик жана патриоттук сезимге тарбиялоо жана элдин эркиндиги үчүн курман болгон жоокердердин эрдигин келечек муунга жеткирүү.

Аллеянын ачылыш аземине жергиликтүү бийлик, күч органдарынан, мекеме-ишкана өкүлдөрү жана чек арада окко учкан эр азаматтардын жакындары катышып, кызыл тасмасы кесилди. Анда  аллеяны уюштуруп берген Руслан Мамбетовго ыраазычлык билдирип, элибизде тынчтык жана өнүгүү болушу тилек кылынып, эгемен элдин эркиндиги үчүн жанын берген жоокерлерге багышталып куран окулду.

1999-2000-жылдагы Баткен коогалаңына  облустан 2 миңдей эр азамат аттанса анын бешөө кайтпай калган. Ал 2021-2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта дагы теңиртоолук  5 эр азамат баатырларча курман болгон.