Жаңылыктар
Нарынга "Нарын ордо" эко шаарчасы курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарынга "Нарын ордо" эко шаарчасы  курулат

Нарында “Нарын ордо” аталышындагы эко шаарча курулат. Бул  тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Облус башчынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу Нарын  шаарынын 156 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарада сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин каражат тартыштыгынан ири долбоорлор ишке ашпай келген.

Ошондой эле, ал облус башчынын демилгеси менен "Нарын реновация" долбоору башталган. Анын биринчи компоненти менен “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каражатына 9 кабаттан турган үй РТС чөлкөмүнө курулуп, Ленин атындагы борбордук жол реконструкцияланып жатканын баса белгиледи.

Мындан тышкары "Нарын ордо" деп аталган заманбап эко шаарча куруу мерчемделип жатканына токтолду.

“МинКабдын  колдоосу менен Нарын шаарына  67 миллион сом каражат бөлүнгөнү турат. Бул каражат “Нарын реновация” долбоорунун калган алты компонентине жумшалат. Акча жакынкы арада келип түшөт. Мындан тышкары облус башчыбыз заманбап  “Нарын ордо” эко шаарча куралы деген тапрышманы коюп  жатат. Биз Кара-Бүк участогунан 300 гектар  жерди аныктадык. Бүгүнкү күндө долбоорлоо иштери жүрүп, каражат булактарын аныктап жатабыз”,-деди ал.