Нарын шаарында 3 чакырым ички жолдор кеңейтилип, асфальт басылып, тротуар, арыктар, түнкү жарыктандыруу, орундуктар менен аллея курулуп жатат. Долбоор калаанын С. Орозбаков -Тоголок Молдо жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен баштап С. Андабеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ишке ашат.
Жумуштар Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасы аркылуу ишке ашып, жалпы наркы 34 миллион сомду түзөт.
Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 19 миллион 200 миң сомго “Жээк” аллеясы, РТС чөлкөмүндө 5 миллион сомго велосипед жолу салынып жатат.