Жаңылыктар
"Аю Холдингдин" мурдагы президенти кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
"Аю Холдингдин" мурдагы президенти кармалды

"Аю Холдингдин" мурдагы президенти уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун бүгүн, 18-сентябрдагы берген маалыматына ылайык, "Аю Холдинг" компаниясынын мурдагы президенти УКМК тарабынан жоюлган кримтөбөл Камчы Көлбаев деген ат менен таанымал Камчы Асанбек менен каржылык байланышта болгон.

Мындан тышкары кармалган жаран Өзбекстандын белгилүү кримтөбөлү Салим Абдувалиев менен дагы байланышы болгону аныкталды. Ал Өзбекстанда бизнес жүргүзүүдө колдоо максатында аны менен мамиле курган.

УКМК шектүү менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме кабыл алынды.

Учурда анын дагы криминалдык түзүмдөргө байланыштуу башка дагы фактыларды аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүүдө.