Жаңылыктар
Министр Кендирбаева: Базарларда контрафакттык китептер сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Министр Кендирбаева: Базарларда контрафакттык китептер сатылууда

Бишкекте Орусия же башка өлкөлөрдүн окуу китептерин сканерлеп алып эле сапатсыз китептерди саткан учурлар көп. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева УТРК сайтына билдирди.

Министрдин айтымында, учурда базарларда контракфакттык окуу китептери сатылууда:

-Биз эки күн мурун ири басма үйлөрүн текшерсек, алар базарларда контрафакттык китептер сатылып жатканын айтышты. Муну эми фискалдык органдар текшерүүсү керек. Бизде чыккан китептерге өтө чоң санитардык-гигиеналык талаптар бар; барактын, боектун зыяндуулу, каталары боюнча дагы… Биз базардагы китептерге жооп бере албайбыз. Көпчүлүк блогерлер чыгарган китептерди көрдүм. Колдонмо китептерди алып жатышат. Аларды биз чыгара албайбыз. Биздин фонддо мектептеги сабактар үчүн гана китептер бар.

Учурда министрликтин электрондук китепканасында 2 жарым миң электрондук китеп бар. Анын ичинде 500 предмет камтылган. Муну телефонго, компьютерге жүктөп, же кагазга басып чыгарып алса болот.

Окуу китептеринин электрондук варианты https://kitep.edu.gov.kg/kg сайтында жайгаштырылган.