Жаңылыктар
Чүйдө баасы наркы 376 млн. сомдон ашкан мектеп имараты мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө баасы наркы 376 млн. сомдон ашкан мектеп имараты мамлекетке өттү

Чүйдүн Сокулук районундагы Жыламыш айылындагы 376 миллион 339 миң сомдук мектептин имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук районунун Жыламыш айылында 200 орундуу эки кабаттуу мектептин имараты бар экени аныкталып, ал мектеп учурда иштебей турганы белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жер мыйзамдарын бузуу фактылары болгону, мектеп аянты менен 1998-жылы жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган. Учурда мектепти мыйзамсыз ээлеп алган жаран имаратты өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.