Билим берүү жана илим министрлигинде окуу китептериндеги каталар боюнча жумуш тобу түзүлүп, катуу экспертиза жүрүп жатат. Бул тууралуу УТРК сайтына бүгүн билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, бул жумуш тобу окуу китептериндеги каталарды аныктап, аларды жокко чыгаруу боюнча иш жүргүзүүдө. Иштин жыйынтыгында катага жол берген тараптарга катуу чаралар көрүлөт.
“Китеп чыгарууда буга чейин коррупция болуп келген, бул иште чоң акча бар. Бир китеп кеминде 600 миң нускада чыгат. Бир линияда 100 миң, 200 миң китеп чыгат. Азыр биз мунун баарын катуу көзөмөлгө алдык. Окуу китептери үчүн атайын «Басма үйү» ачылган. Азыр китептеги каталар үчүн ошол басмаканадагы эксперттер башы менен жооп берет”, - деди министр.
Акыркы жылдары коомчулукта мектеп программасындагы окуу китептерде каталар көп болуп жатканы байма-бай айтылып, бул үчүн аталган министрлик сынга кабылып келген.
Жогорудагы сүрөттөгү китеп 2-класстын азыр колдонуудагы Кыргыз тили китеби. Андагы "эл-жериң, тамак-аш" деген сөздөрдүн туура эмес жазылганын байкоого болот.