Кыргызстанда эми жер ээлигин таанытуучу “кызыл”, “жашыл” китептер жоюлушу мүмкүн. Бул багытта “Жер кодексинин долбоору” жана “Жер кодексин колдонууга киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалды.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкенге караганда, бул долбоорго ылайык, “кызыл”, “жашыл” китептердин ордуна эми бир барактан турган кадастрдык план берүү пландалууда. Анда QR-коду болуп, жер тилке тууралуу бардык маалыматты камтымакчы. Жер участогунун аянты, категориясы жана менчик түрү - баары электрондук түрдө болот.
Мындай өзгөртүүгө жер ээлигин таанытуучу китептерди жасалмалоо көбөйүп кетиши да бир себеп болууда. Демилгечилер кадастр планын киргизүү менен жер сатууга байланышкан коррупцияны жоюуга мүмкүндүгүн да белгилешүүдө.
Азыркы колдонуудагы “кызыл китеп” — бул жарандардын жеке менчикке болгон укугун тастыктоочу документ. Ал үч укукту камтыйт: ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу. “Жашыл китеп” болсо жер тилкесин убактылуу пайдалануу үчүн берилүүчү документ.