УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев пара алуу, пара берүү жана коррупция менен кармалгандар мамлекеттик кызматка кайра келбеши керектигин билдирди.
Бул тууралуу Камчыбек Ташиев 18-сентябрда Баткендин Кадамжай районунда УКМК бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатканда айткан.
- Коррупцияга шектелген бирөө-жарымды эки, төрт, алты айга камап, тергөө иштерин жасайбыз. Алар “туура ушуну кылдык” деп кылмыш ишин моюнга алышат. Андан кийин тергөө органдары менен кызматташууга барышат. Анын баары мыйзам чегинде. Иш сотко өткөндө сот аларды айып пул менен бошотуп коюуда. Айып менен бошогон коррупционер бир, же эки жылдан кийин эле кайра мамлекеттик кызматка келип алып мурдагы ишин жасап атат. Ошондуктан биз мыйзамдарга өзгөртүү киргизебиз. Мындан ары коррупция же башка кылмыш кылгандар тергөө менен кызматташууга барса болот бирок мыйзамда каралган жазанын жок дегенде жарымын түрмөдө өткөзүшү зарыл”, - деген Камчыбек Ташиев ушундан улам УКМК коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарганын да кошумчалады.
Бул документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, жакын туугандары дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштебеши зарыл. Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салган. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин дагы берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбасы белгиленген.