Жаңылыктар
“Кызыл-Кыя машина куруу заводу” мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
“Кызыл-Кыя машина куруу заводу” мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «Кызыл-Кыя машина куруу заводу» АТАКты (Кызыл-Кыя шаары, Баткен облусу) жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

 Кылмыштардын бирдиктүү реестрине автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар "Кызыл-Кыя машина куруу заводу" АТАК Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына кайтарылды. Аталган заводдун жалпы аянты 22,89 гектар, болжолдуу баасы 4 млрд.74 млн. 650 миң 494 сомду түзөт.

    УКМК мамлекеттик жерлерди, имараттарды жана башка курулмаларды жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларын аныктоо боюнча максаттуу иштерди улантууда, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.