Жаңылыктар
Балыкчыда ун чыгаруучу ири завод мамлекет эсебине кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыда ун чыгаруучу ири завод мамлекет эсебине кайтарылды

УКМК Балыкчы шаарында жайгашкан 288 962 637 сомдук ун комбинатынын жанаша жер тилкелери менен имараттарын мамлекеттин балансына кайтарды.

       Алсак, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызмат адамдары тарабынан ун чыгаруучу заводдун объектилерин мамлекеттин менчигинен алуу учурундагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында төмөндөгү объекттер мамлекеттин балансына кайтарылды: аянты 1 304 чарчы метр, баасы 230 899 000 сом болгон жер тилкеси бар тегирмен, аянты 9 504 чарчы метр, баасы 10 037 762 сом болгон суу алуучу курулма, аянты 1 550 чарчы метр, баасы 42 460 430 сом болгон жер тилкеси  менен даяр продукция кампасы, аянты 129 чарчы метр, баасы 1 357 445 сом болгон трансформатордук имарат,  баасы 4 208 000 сом болгон аянты 112,64 чарчы метр жер тилкеси менен жашылча сактоочу жай.

      УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.