Жаңылыктар
УКМКнын кызматкерине пара берген "Кадастрдын" жетекчиси кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМКнын кызматкерине пара берген "Кадастрдын" жетекчиси кармалды

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы кармалды.

УКМКнын бүгүн, 19-сентябрдагы берген маалыматына караганда, кармалган жаран жетекчи болуп турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, комуналдык-кампа зоналарын, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ж.б.) куруу үчүн арналган жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Мындан улам шектүү кылмышын оң тарапка чечип берүү үчүн УКМКнын кызматкерине 15 миң доллар пара сунуштаган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.