Жаңылыктар
АКШдагы эң алдыңкы окуу жайдагы алгачкы кыргыз студенти
Кыргызстан жаңылыктары
АКШдагы эң алдыңкы окуу жайдагы алгачкы кыргыз студенти

Жазиэль Эрнис АКШдагы эң алдыңкы окуу жайлардын бирине 100 пайыз грант менен окууга өткөн. Ал учурда биринчи курстун студенти. Бул окуу жай Forbes рейтинги боюнча алдыңкы окуу жайлардын катарында экенин белгилеген каарманыбыз UTRK.kg сайтынын кабарчысы Бурулсун Айдарбековага мындай ийгиликке кантип жеткенин айтып берди.

Southern Illinois University Edwardsville (SIUE) – Америкадагы алдыңкы окуу жайлардын катарына кирет (Forbes рейтинги боюнча). Ошондой эле SIUE Америкадагы ийгиликтүү спортчулар бүтүргөн университеттердин ичинен 5-орунда турат.


Каарманыбыздын айтымында, ал “Бизнес башкаруу” боюнча адистикти тандаган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле бизнеске кызыгып, бул багыттагы көптөгөн китептерди окуган.

– 11-классты аяктап, университет тандоо жана тапшыруу этаптары болуп жатканда ата-энем мени менен чогуу катуу сарсанаа болуп жатышты. Себеби, ар бир ата-эне үчүн баланын келечеги маанилүү эмеспи. Мен кичинекей кезимден тартып эле чет өлкөлөрдө окууну кыялданчумун. Ата-энем да бизди чет өлкөлөрдө окутууну максат кылчу. Алар менен бирге Бишкекте чет өлкөлөргө окууга жиберчү бардык агенттиктерди кыдырдык. Ошентип бир агентикке токтолуп, окуу жай үчүн керектүү документтердин баарын чогултуп «Еms academy» компаниясы аркылуу  тапшырдым. Бул иштерде чоң жардам берген Галин байкеге жана Назгүл эжеге ыраазымын. Алардын жардамы менен 100% грантты алып отурам. Мындан тышкары дагы өз алдымча 12 америкалык окуу жайга документ тапшырып койдум.Жазиэль чет өлкөгө окууга тапшырууда күчтүү атаандаштардын арасында грант алуу оңойго турбаганын белгиледи. Ошондой эле бардыгы комиссиядан көз каранды экенин кошумчалады.

– Мен бир нече этаптардан өттүм. Биринчи тандоодо 1000 адамдын ичинен 200дү тандашкан. Январь айларында SIUE университети мага кат жөнөттү. Ал катта мага 65% жеңилдик берилгени, эгер экинчи турдан өтсөм, 100% грант ала турганым жазылган. Бул мен үчүн чоң стимул болду десем болот. Андан соң даярдык көрүп баштадым. Бирок ар кандай күмөн саноолор болуп, сарсанаа болуп да жүрдүм. Ошентип февралдын башында кечкисин экинчи турдун жыйынтыгы чыгып, баарыбызды кубандырган «грантты тастыктоодон» өткөндүгүм тууралуу кат келди. 2-3 жумадан кийин эле экинчи турдан ийгиликтүү өткөнүмдү жана мага SIUE университети 100% грант бергенин билдик. Учурда мен бул окуу жайда 1-курста окуп жатам. Аталган грант бул университетте 4 жыл бою бакалавр багытында толук акысыз окуумду камсыздайт.Учурда аталган университетте кыргызстандык 3 студент билим алат. Алар бул окуу жайга өткөн алгачкы кыргызстандык студенттер.

– Көптөр Америкага келүүнү абдан самашат. Бул жерде ар кайсы өлкөдөн келген студенттер көп. Ал эми Кыргызстандан бул жерде үч студент окуйт. Биз бул окуу жайга өткөн алгачкы кыргызстандык студенттербиз. Бул өлкөдө көп нерсе жаңыча болгондуктан өзүнүн мыйзамдарына, маданиятына азырынча сиңип кете элекмин. Ар бир күн эмоциялар менен коштолуп, кыскасы адаптация кызыктуу өтүп жаткан учуру. Мотивация жана амбицияга бай, ар тараптуу студенттердин арасында жүрүп, максаттарга бирге жетүүнү үйрөнүп жатам. Анын үстүнө SIUEде окуу менин кругозорумду кеңейтип, алдыдагы пландарымды чоңойтууга мүмкүнчүлүк берет экен. Университетте билим алуу — бул академиялык билим алуудан сырткары, чыныгы жашоого даярдык. SIUE студенттердин өнүгүүсүнө багытталган көптөгөн ресурстарды жана программаларды сунуштайт. Мен бул мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууну пландап жатам. Мисалга, убакытты туура пайдалануу, эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү жана айланамдагылар менен бекем мамилелерди курууну үйрөнүүнү көздөйм. Азыркы максатым — бакалаврды жакшы окуп, артыкчылык менен аяктоо. Андан соң, Американын башка жогорку окуу жайларынан магистратураны улантууну көздөп жатам.Каарманыбыздын айтымында, SIUE окуу жайына окууга тапшыруу үчүн адегенде англис тилин өтө мыкты деңгээлде билүү абзел.

– Бул окуу жайга өтүүдөгү негизи талаптар: англис тилин жогорку деңгээде билип, Duolingo тестинен 120 баллдан жогору же IELTSтен 6,5 баллдан жогору алуу маанилүү. Мен Duolingo тести аркылуу университетке кабыл алындым. Орто мектептеги баалардын жакшы болуусу (GPA), окуудан сырткаркы иш-чаралардагы активдүүлүк (сертификаттар, спорттук же олимпиада жетишкендиктери, ыраазычылык каттар) каралат. Бардык нерсе комиссиядан көз каранды болгондуктан, албетте алардын эсинде кала турган жана таң калтыра турган эссе жазуу зарыл. Мындан тышкары ата-эненин каржылык абалы да роль ойнойт.

Анан да мага англис тилинен сабак берген Нурзат Сүйөрбек кызы эжейиме ыраазычылык билдиргим келет. Мындан тышкары "Түштүк Кореянын бүтүрүүчүлөр ассоциациясын” жетектеген Элина Саккараевага ыраазымын, ал мени Бишкектеги эл аралык долбоорлор боюнча ыктыярчылардын программасына тарткан. Биз жыл сайын "Агапе 3:16" коомдук фонду менен Нооруз майрамында сүмөлөк жасап, Ала-Тоо аянтында сатчубуз. Түшкөн акчаны оорулуу жана аз камсыз болгон адамдарга берчүбүз. Ушундай ыктыярчылык иштер да мен үчүн чоң сабак болду.

Жазиэль Эрнис 2006-жылы Бишкек шаарында туулган. Ал үч эмдин бири. Атасы Алайдын Гүлчө айылында, апасы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында өсүп чоңойгон.