Жаңылыктар
«Кыргыз почтасынын» эки кызматкери 11 млн сомго жакын акчаны кымырып алган
Кыргызстан жаңылыктары
«Кыргыз почтасынын» эки кызматкери 11 млн сомго жакын акчаны кымырып алган

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик компаниясынын кызматкери алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыларын төлөөгө арналган акчаны өзүнө ыйгарып алганы жана короткону аныкталды.

УКМКнын бүгүн 20-сентябрда берген маалыматына ылайык, “Кыргыз почтасынын” Жалал-Абаддагы “Таштак” байланыш бөлүмүнүн башчысы Сузак районунун тургуну менен тил табышып алып, ишенип берилген 10 млн. 700 миң сом өлчөмүндөгү акчаны ыйгарып алып, короткон.

Шектүүлөр 17-сентябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.