Жаңылыктар
Президент: Сотторду ротациялоо жемишин берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент: Сотторду ротациялоо жемишин берди

Акыркы 3 жыл ичинде сот тутумуна тиешелүү бир топ мыйзамдарга өзгөрүүлөр киргизилип, тармакты каржылоо жылдан-жылга көбөйүп, материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган иш-чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Сот тутумунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чарада сөз сүйлөп жатып билдирди. 

Өлкө башчысынын айтымында, мамлекеттик бюджеттин эсебинен судьялардын айлык маянасы 100 пайызга, ал эми сот тутумунда иштеген кызматкерлердики 50 пайызга көтөрүлгөн. Президент Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун жетекчилиги астында иштелип чыккан сунуштун негизинде 2022-жылдын биринчи жарым жылында жергиликтуу соттордун басымдуу бөлүгү өлкөнүн башка аймактарына ротацияланганын, бул өз жемишин бергенин билдирди. 

Мамлекет башчысы имараты жараксыз абалга келген жергиликтүү соттор үчүн талапка жооп берген жаңы имараттар курулуп, колдонууга берилип жатканын кошумчалады. Ошондой эле жергиликтүү соттор жана сот аткаруучулардын натыйжалуулугун көтөрүү максатында алар 50гө жакын заманбап, жаңы жеңил унаа менен камсыз болушкан. Жакынкы арада дагы 50 машина берилет деди өлкө башчысы.