Жаңылыктар
А. Жапаров бюджетти башкарууда заманбап ыкмаларды колдонууга чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
А. Жапаров бюджетти башкарууда заманбап ыкмаларды колдонууга чакырды

Бюджеттик колдоо, экономиканы өнүктүрүү, объектилерди куруу жана инфратүзүмдү жакшыртуу. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шаарлардын мэрлеринин жана райондордун акимдери менен видеоконференция режиминде кеңешме өткөрүп, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү бул багыттагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. 

Акылбек Жапаров бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринин негизги милдети экенин белгиледи. Ал чыгымдарды катуу көзөмөлгө алуу жана социалдык, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоодо айкындуулукту камсыздоо зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, ал объекттерди курууда электрондук эсеп-фактураларды сөзсүз колдонууга басым жасады. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жыйындын катышуучуларын пландаштыруунун жана бюджетти башкаруунун заманбап ыкмаларын, анын ичинде каражаттардын чыгымдалышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн санариптик технологияларды колдонууну жигердүү киргизүүгө чакырды.