Жаңылыктар
Президент иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
 Президент иш сапары менен Нью-Йоркко жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Келечек Саммитинин ишине катышып, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, жана бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев;

- Президенттин Администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Бакыт Сыдыков;

- Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.