Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барды. 

Мамлекет башчынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду. Бүгүн Президент Келечек Саммитинин ишине катышат, анын алкагында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынат. Ал эми 24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу болот.