Жаңылыктар
Сузак: добуш берүү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Сузак: добуш берүү башталды

Жалал-Абад облусунда №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү өз нугунда жүрүп жатат. Аймактагы бардык 81 шайлоо тилкеси белгиленген тартипте иштөөдө. 

Округ боюнча жалпы 124 мин 429 шайлоочунун тизмеси буга чейин такталган. Алар Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан 7 талапкердин ичинен тандоо жасашат. Азыркы маалыматтар боюнча шайлоо тынч жана мыйзам бузуулар жок өтүүдө. Коомдук тартип көзөмөлдө.