Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборуна барды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборуна барды. Ал жактагы негизги өндүрүштүк цехтерди көрүп, жабдуулардын абалы менен таанышып, ЖЭБтин учурдагы абалы жана жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча отчетторду укту. 

МинКаб башчысы кышкы мезгилге сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле бардык тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгына токтолду. ЖЭБдин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, энергияны үнөмдөө, ошондой эле жабдууларды модернизациялоо боюнча тиешелүү ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.