Жаңылыктар
Сузактагы шайлоо: 14:00 карата маалымат
Кыргызстан жаңылыктары
Сузактагы шайлоо: 14:00 карата маалымат

Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев саат 14:00го карата алдын-ала маалымат менен бөлүштү. Ага ылайык, 6 сааттын ичинде 9851 адам добуш берген. 

Бул Сузак округу боюнча катталган 124 429 шайлоочунун 7,92 пайызы өнөктүккө катышты дегенди билдирет. 2021-жылы дал ушул округ боюнча шайлоочулардын саны 111 510ду түзгөн. Ошондо акыркы 3 жылдын ичинде 12 919 адамга же 11,59 пайызга көбөйгөн. Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына жети талапкер ат салышууда. Алар: Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов, Медербек Сапарбаев.