Жаңылыктар
"Ала-Тоо" аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Тоо" аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынын расмий ачылыш аземи өткөрүлгөндөн кийин ал жактан 4 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. 

Борбордук аянтты тазалоо иштерине “Тазалык” ишканасынын 15 кызматкери жана 3 атайын техникасы тартылган. Муниципалитет буга чейинки иш-чаралардан соң Ала-Тоо аянтынан 20-30 тонна таштанды чыгарылып келгенин белгиледи. Ал эми бул жолу андан бир топ аз тамак-аш калдыктары чогулганын эске алганда, бул борбор калаада массалык иш-чараларды өткөрүү маданияты өскөнүнөн кабар берүүдө. Маалымат катары айта кетсек, "Ала-Тоо" аянтынын расмий ачылыш аземине күбө болуу үчүн 15 миңге жакын адам келген.