Жаңылыктар
Президент Келечек саммитине катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Келечек саммитине катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитинин ишине катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорктогу (АКШ) штаб-квартирасына барды.

Форумдун негизги максаты – адамзаттын эң жакшы бүгүнкүсүн камсыз кылуу жана келечекти кантип коргоо боюнча жаңы эл аралык консенсусту иштеп чыгуу.

Саммиттин ачылышында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасы Филемон Ян сөз сүйлөйт.

Келечек саммитинин жыйынтыгында туруктуу өнүгүү жана каржылоо, эл аралык тынчтык жана коопсуздук, илим, технология жана инновация, санариптик кызматташтык, жаштар жана келечек муундар жана глобалдык башкарууну трансформациялоого арналган “Келечек үчүн Пакттын” кабыл алынышы күтүлүүдө.

Бүгүн Мамлекет башчысы Келечек саммитинин ишинин алкагында сөз сүйлөйт.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына катышып, 24-сентябрда анда сөз сүйлөйт.