Жаңылыктар
Кочкор: Кинотеатрга Геннадий Базаровдун аты берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкор: Кинотеатрга Геннадий Базаровдун аты берилди

Кочкор районундагы Чолпон кинотеатрына “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаровдун ысымы ыйгарылып, имараттын алдына кинорежиссердун айкели орнотулду.Айкелдин ачылышыны Геннадий Базаровдун кесиптештери, кинодирекциянын кызматкерлери, жакын туугандары жана райондук бийлик башчылары катышты. Кинотеатрдын кире беришине кинорежиссердун кинолорунан сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чара алкагында көрүүчүлөргө Геннадий Базаровдун кино тасмалары көрсөтүлүп, маданият кызматкерлери концерт тартуулашты.

"Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү болгон Геннадий Базаров 1942-жылы 5-февралда Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Ата-теги Кочкор районунан. Атасы Садыр Базаров партиялык, советтик кызматкер болгон.Генадий Базаров эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында иштөө менен баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссердун ассистенти болгон. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Окуп жүргөндө кыска метраждуу «Намаз окуу» жана «Тыныгуу» аттуу киноновелла тарткан. 1967-жылы Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт.

Ошондой эле ал “Буктурма”, “Көчө”, “Биринчи”,”Көз кареги” кинотасмаларды, “Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай”, “Айың”,”Аномалия” көркөм фильмдерди жана “Антракт”, “Түндө” деп аталган кыска метраждуу новеллаларды, “Искусство жөнүндө баян”, “Жазуучу”,”Чыңгыз Айтматов” аттуу документалдуу фильимдерди тасмага түшүргөн. Мындан тышкары, А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова өңдүү бир катар маданият жана искусствонун ишмерлеринин кинопортреттеринин галереясын түзгөн. Анын “Прикосновение к личности”, “Пауза для размышления”, “Гримаса” деген повесттери жарыкка чыккан. Акыркы жылдарда Кыргыз телерадио компаниясында иштеп, автордук “Альтернатива” программасын алып барган. Анын эмгеги бааланып 1974-жылы “Искусствого эмгек сиңирген ишмер”, 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамын алган. 2003-жылы III-даражадагы “Манас” ордени, 2013-жылы Кыргызстандын кинематографиясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына ээ болгон. Ал эми 2022-жылдын декабрында ага II-даражадагы “Манас” ордени ыйгарылган. Ушул эле жылы Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамы тапшырылган.

Г.Базаров 2023-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.