Жаңылыктар
Сузактагы шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Сузактагы шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы чыкты

Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы чыкты. 

Ага ылайык азырынча 10 миң 174 добуш менен талапкер Алтынбек Кылычбаев алдыда. Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалымат боюнча, экинчи болуп 3280 добуш менен Медербек Сапарбаев келе жатат. 

Ал эми Жыргалбек Сейдахматовду 2 493 шайлоочу колдогон. Мелисбек Кошалиев 2 435, Асилбек Арапбаев 1 351, Юлия Лилиенталь 749, Бейшенбек Бегматов 212 добуш алышты. Сузак округунда 81 шайлоо участогу ачылып, 124 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Жалпы добуш берүүгө 21 миң 057 шайлоочу катышты.