Жаңылыктар
Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот

Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот. 

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Учурда "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 45 миң тургуну таза суу менен камсыздоо боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Натыйжада Кызыл-Суу, Кажы-Сай жана Бөкөнбаев айылдарынын калкы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот.

Долбоор Баткен жана Ысык-Көл облусундарындагы 31 айылды камтыйт. Аны ишке ашыруу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү сууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына карата төмөнкү курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү, анын ичинде узундугу 1400 м болгон суу өткөргүчүн орнотуу жана жалпы узундугу 28 миң 941 метр болгон суу түтүк тармагын төшөө иштери жүргүзүлдү.